Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен А.Жайнаков ат. драма театрында Баткен мамлекеттик университети тарабынан Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган “Баткен тарыхы – улуттун руханий казынасы” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
Конференцияга КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын Төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор Абдикарим Алимбаев, Бишкек шаарынын мэри А.Джунушалиев, экс- губернаторлор, РФнын Президеттик администрациясынан, Мамлекеттик Дума депутаттары катышты. Ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн Сагитов С.Т. – Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, Попкова Е.Г. РФ ИНК Президенти, Йонгнам университинин деканы, профессор Ли Ми Хяң, Чехиядан Зак Ладислав жана башкалар онлайн катышты.
Пленардык жыйында БатМУнун профессору А.А.Кадыров, доцент Тайиров К.А., доцент Шеров Ш.Б. облусубуздун тарыхы, калыптануусу, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүү, калыптануу тарыхтарына токтолуп өттү. Конференцияга 100дөн ашуун илимий макалалар келип түшкөн.
Конференциянын башталышында университеттин алдыңкы жетишкендиктери көргөзмө-жарманкеге коюлду.
Борбордук стадиондо БатМУнун студенттери параддан өтүштү.