
Гуманитардык факультет жөнүндө жалпы маалыматтар
Факультет – БатМУнун алдындагы М.М. Тайиров атындагы КГПИнин бир түзүмдүк бирдиги. Ал алгач Ош МУнун Кызыл-Кыя филиалы катарында 1998-жылдын 18-сентябрында №76-буйругу менен уюшулган. 2000-жылы БатМУнун алдындагы КГПИнин филология факультети болуп, 2001-2007-жылдары славян-герман филологиясы, 2008-2011-жылдары дүйнөлүк тилдер, 2011-2013-жылдарда филология факультети, 2014-жылдан тартып гуманитардык факультети деп аталып, 550300 ФББ багытынын кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили; 550400 СЭББ багытынын тарых профилдери боюнча болочок кесип ээлерин даярдоодо.
Азыркы учурда (2023-жылдын сентябрь айынан тартып) факультетте филология
илимдеринин кандидаты, доцент Ф.М. Кайымова декан болуп иштеп келе жатат. Акбаров Т.- окуу иштери боюнча адис.
Окуу жылынын башында мындан сырткары факультетте коомдук башталыштагы иштерге жооптуулар дайындалган.
- Хамидова Ш. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары;
- Султан кызы А. – илимий иштери боюнча декандын орун басары;
- Пазылов О. – кесиптик кошундун төрагасы;
- Маматова А.- аялдар кенешинин төрайымы;
- Султанова С.- факультеттин практика башчысы.
Факультет бүгүнкү күнгө чейин 550300 филологиялык, 550400 социалдык-экономикалык билим берүү багыттары боюнча миңдеген адистерди даярдап, эл кызматына сунуштады. Болочок адистердин билимин тереңдетүүнү көздөгөн, элдин духу, руху болгон тилди, адамзаттын байыртан басып өткөн тарыхын тактап, келечек муунга жеткирген профессордук-окутуучулар жамаатынын саны- 29. Алардын ичинен 7өө – илимдин кандидаты жана доцент (5), профессорлор (2); 6оо – улук окутуучу, 15и – окутуучу, 1 адис.
б) БатМУ КГПИнин гуманитардык факультетинин 2023-2024-окуу жылына карата кадрдык курамы
№ | Ф.А.А. | Илимий наамы | Илимий даражасы | Кызматы |
1 | Кайымова Ф.М. | ф и.к. | Декан, доцент | |
2 | Каранова Т.Н. | п.и.к. | профессор | |
3 | Акбаров Т.Х. | Факультеттин окуу ишт. б. адиси, окутуучу | ||
4 | Тешебаев А.К. | п.и.к | Кафедра башчысы, доцент | |
5 | Абдикеримов А.Ш. | т.и.к. | Кафедра башчысы, доцент | |
6 | Пахыров К. | ф.и.к. | Профессор | |
7 | Бердиев А. | т.и.к. | Директор, доцент | |
8 | Хамидова Ш. | Декандын тарб. иш. б. ор. б., окутуучу | ||
9 | Маматова А.М. | Аялдар кенешинин төрайымы, ага окутуучу | ||
10 | Султанова С.Т. | Практика башчысы, ага окутуучу | ||
11 | Мурзахмедова Н. | Магистр. | Окутуучу | |
12 | Орокбаева З.Ж. | окутуучу | ||
13 | Давранова Г.Р. | Магистр. | окутуучу | |
14 | Султан кызы А. | магистр | Декандын ил. иш. б. ор. басары, окутуучу | |
15 | Зикирова Ш.К. | . | улук окутуучу | |
16 | Ураимов Ш. | т.и.к. | доцент | |
17 | Сыдыков Б. | улук окутуучу | ||
18 | Арыкова А. | Окутуучу | ||
19 | Курбанова М.А. | Окутуучу | ||
20 | Көчкөнов А. | улук окутуучу | ||
21 | Сарыбекова Г. | Окутуучу | ||
22 | Исмаилова И. | Окутуучу | ||
23 | Мусаев О. | Магистр. | Ага окутуучу | |
24 | Кыпчакова Ж. | Окутуучу | ||
25 | Абдурахманова Э. | Окутуучу | ||
26 | Пазылов О. | Кесиптик кошундун төрагасы, окутуучу | ||
27 | Сарыбаева А. | Окутуучу, катчы | ||
28 | Атабекова Б. | Окутуучу | ||
29 | Омурбек к. С. | Усулчу |
Факультеттеги студенттердин контингенти
Гуманитардык факультетте жалпы 556 студент, анын ичинен күндүзгү бөлүмдө 288 студент бюджеттик, 173ү контрактык негизде), сырткы бөлүмдө 268 студент билим алып жатышат.
Даярдалуучу профилдер алган лицензиялар
Факультетте филологиялык билим берүү багыты боюнча 400 студентке төрт жылдык мөөнөткө; кыргыз тили жана адабияты, англис тили, орус тили жана адабияты профилдери, социалдык-экономикалык билим берүү багытынын тарых профили боюнча бакалаврдык жогорку билим берүүнүн күндүзгү жана сырткы формалары боюнча КРнын Билим берүү жана илим минстрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциянын буйругу менен 2017-жылдын июнь айында мөөнөтсүз лицензия берилген. Окуу жайын аяктаганда берилүүчү билим деңгээли жана квалификациясы- бакалаврдык жогорку. Лицензиялардын каттоо номерлери: 1-747.
Даярдалуучу профилдердин аккредитациядан өтүүсү
Гуманитардык факультети тейлеген филологиялык билим берүү багыты кыргыз тили жана адабияты, англис тили, орус тили жана адабияты профилдери, социалдык-экономикалык билим берүү багытынын тарых профилинин күндүзгү жана сырткы формалары 2021-жылдын 11-12-июнь күндөрү ААОПО тарбынан 5 жылдык мөөнөткө аккредитациядан ийгиликтүү өтткөн.
УЮШТУРУУ ИШТЕРИ
Факультеттин принциптери, максаты жана милдеттери
Факультет филологиялык билим берүү багытындагы үч түрдүү профиль жана социалдык-экономикалык билим берүү багыты боюнча бир профиль боюнча жогорку билимдүү окутуучуларды даярдайт:
Кыргыз тили жана адабияты профили боюнча жогорку кесиптик билим берүү ишмердүүлүгү КРдин мамлекеттик тили катары тереңдетип окутууну, анын тыбыштык жагы, лексикалык курамы, грамматикалык түзүлүшү, графикалык, орфографиялык, офоэпиялык нормалары ж.б. өзгөчөлүктөрү жөнүндө студенттердин билимдерин калыптоону ишке ашырат.
Орус тили жана адабияты профили азыркы орус тилинин тыбыштык жагын, грамматикалык түзүлүшүн, графикалык, орфографиялык, орфоэпиялык нормаларын окутуу менен, лексикалык курамын жана орус адабиятынын тарыхын, мазмунун терең өздөштүргөн орус тили жана адабияты мугалимдерин даярдоо ишин жүргүзөт.
Ал эми англис тили профили англис тилинин фонетикасын, лексикасын, графикасын, грамматикалык өзгөчөлүктөрүн, англис тилдүү өлкөлөрдүн тарых-маданиятын, которуунун теориялык-практикалык негиздерин сапаттуу өздөштүргөн англис тили мугалимдерин даярдоону көздөйт.
Социалдык-экономикалык билим берүү багыты боюнча тарых профилинде орто мектептердин келечектеги кесипкөй тарых мугалимдерин даярдоо негизги максат болуп саналат.
б)
№ | Профилдердин аталышы | Ыйгарылуучу квалификация | шифр | мөнөттөрү | |
к/б | с/б | ||||
1. | Филологиялык билим берүү багыты: Кыргыз тили жана адабияты Орус тили жана адабияты Англис тили | Жогорку «Бакалавр» | 550300 | 4 жыл | 5 жыл |
2 | Социалдык-экономикалык билим берүү багыты: Тарых профили | Жогорку «Бакалавр» | 550400 | 4 жыл | 5 жыл |
Ар бир профилдин мамлекеттик стандарты, окуу пландарынын аткарылышы чон жоопкерчиликти талап кылат. Жогоруда белгиленген профилдерде билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн окуу планы КРдин “Билим берүү тууралуу” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү аныктаган тартиптеги билим берүү алкагындагы ж.б. нормативдик, укуктук актыларына ылайык, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик билим берүү стандарттарына (2021-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлигин алдындагы окуу- усулдук бирикменин жобосуна) ылайык иштелип чыккан.
Факультеттин материалдык техникалык базасы: факультетте анын ичинен деканатка тиешелүү материалдык-техникалык каражаттар институттун материалдык бухгалтери тарабынан катталып, тиешелүү документтери түзүлүп, деканаттын 5.21. (факультеттин окуу-методикалык материалдык-техникалык базасы) папкасына тиркелген.
Аталган окуу жылында факультетке керектүү жабдуулар алынып, материалдык техникалык база толукталды. Үстүбүздөгү окуу жылында факультеттин базасында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдык маарекесине карата КТжТ кафедрасынын окутуучусу Б. Атабекованын уюштуруусу жана жетекчилигинде заманбап үлгүдөгү “Ч. Айтматов” каанасы уюштурулуп, жабдылды. Дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Г. Давранова тарабынан 308-каана капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жасалгаланды, пайдаланууга берилди. КТжТ кафедрасынын ага окутуучусу тарабынан 110-кабинет кыргыз эл акыны Э. Эрматовдун атына коюлуп, китеп, кыргыз классикалык акын-жазуучулардын чыгармачылыгы топтоштурулган папкалар, электрондук китептер жана Э. Эрматовдун бурчу, китептери менен жабдылды. Бардык окуу кааналары адистештирилип, ат коюлуп, окшош формада аталыштары жазылып илинди. Ар бир кааналар акталып, сырдалды, пардалар илинди. Бул иш белгилөөгө арзыйт. Факультеттин 20 жыл маарекелик бүтүрүүчүлөрү тарабынан да гумфактын базасына 2 сыналгы белекке алынды. Англис тили профилинин окутуучулары тарабынан 3-кабаттын коридорун ремонттоо, жабдуу иши жүргүзүлдү.
2024-жылдын 4-июнунда орус тили жана адабияты профилинин окутуучулары жана студенттери тарабынан орус элинин улуу акыны А.С.Пушкиндин 225 жылдыгына арналган адабий кече өткөрүлүп, ага Россиядагы А.Солженицын атындагы орус диаспорасы борборунун жана А.С.Пушкин атындагы орус тили мамлекеттик институтунун, ошондой эле Россия Федерациясынын генералдык консулдугунун Оштогу Орус үйүнүн өкүлдөрү катышышты. Жыйынтыгында, алар көргөзмөлөрдү уюштуруу менен катар орус тили жана адабияты, адабият таануу, лексикографиясы, маданияты, тарыхы, философиясы ж.б. боюнча 300 даана эң алдыңкы орус басылмаларынын китептерин белекке беришти.
6. ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР
Факультеттин студенттери 31 академиялык тайпаларга бөлүнгөн. Алардын ичинен 18 тайпа күндүзгү бөлүмдө, 13 тайпа сырткы бөлүмдө.
Окуу жылынын башында ар бир тайпага куратор жана старосталар декандын билдирүүсүнүн негизинде бекитилген. Алар :
№ | Тайпасы | Куратору | Старостасы | Эскертуу | |
1. | ФК-23 | Атабекова Б. | Бердикулова А. | ||
2. | ФР-23 | Пазылов О. | Маматазимова У. | ||
3. | АК-23 | Султанова С. | Рахманали к. А. | ||
4. | АР-23 | Сарыбекова Г. | Сабирова К. | ||
5. | ФК-22 | Султан к А. | Турдукулова Б. | ||
6. | ФК-21 | Пахыров К. | Жаныбек к А. | ||
7. | ФК-20 | Кайымова Ф. | Ташмаматова Т. | ||
8. | ФР-22 | Тешебаев А.К. | Жумабай кызы Ү. | ||
9. | ФР-21 | Хамидова Ш. | Камалова Н. | ||
10. | АР-22 | Мурзахмедова Н | Марипжанова М. | ||
11. | АР-1-21 | Маматова А. | Дастанбек кызы Д. | ||
12. | АР-2-21 | Орокбаева З. | Джакыпов К. | ||
13. | АР-1-20 | Давранова Г. | Султанова Ш. | ||
14. | АР-2-20 | Давранова Г. | Нурланбек кызы А. | ||
15. | СЭБ-22 | Ураимов Ш. | Маликова М. | ||
16. | СЭБ-21 | Сыдыков Б. | Исмаилова Б. | ||
Кураторлордун окуу жайларында келечектеги адистерди тарбиялоо системасында студенттер менен түздөн-түз иш алып барууда ролу чоң. Жогоруда кураторлор дайындалган тайпалар менен тыгыз байланышта болушуп,сабакка катышуу, жетишүү, окуу төлөмөн уюштурууда, контролдоодо, тарбиялык иштерди жүргүзүүдө жакшы иштерди алып барышты.
Салттуу иш-чаралардын өткөрүлүшү
Планга ылайык жана пландан сырткары даталуу күндөргө карата кафедралардын жана дирекциянын жардамы менен төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:
31–август- Эгемендүүлүк күнүнө жана 1-Сентябрь- Билим күнүнө карата ар бир группада «Мекеним менин – Кыргызстан» деген темада куратордук сабактар өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамына карата шаар мэриясынын, институттун денгээлинде илимий конференцлар уюштурулуп Ф.Кайымова, А.Абдыкеримов, Султан к. А. илимий конференцияда докладтарын окушту.
Андан тышкары факультетте 13-октябрь күнү «Аталарыбыздын изи менен» аттуу төгөрөк стол өткөрүлдү. Анда студенттер өздөрүнүн ата-бабалары, энелеринин өрнөктүү өмүрлөрү, эл үчүн жасаган көрүнүктүү иштери, кылган кызматы тууралуу баяндарды айтышты.
Алардын арасында түштүк аймакка берилүү эл ырчысы Жусуп ырчы (Нарбаев Жусуп), анын уулу Калык Жусуповдордун төкмөлүк таланты, эл арасында айтылып жүргөн ырларын; кыякчы, куйма кулак, чыгармачыл, элдик оозеки чыгармаларды айткан таланттуу акындардын өмүрүн жана чыгармаларын; эл агартуу тармагында жигердүүлүк менен эмгектенген мугалимдердин ак кызматын; саламаттык сактоо жаатындагы белгилүү дарыгерлердин ишмердүүлүгун; Совет бийлигин орнотууда басмачыларга каршы күрөшкөн аталар; кулакка тартылып кеткен бабалардын жашоосу, өмүр таржымалындагы урунттуу учурлары жөнүндө тарыхый, илимий маалыматтарды неберелери, окуу жайдын студенттери, сыймыктануу менен айтып беришти.
Иш-чарада КГПИнин гуманитрадык факультетинин деканы, илимий борбордун жетекчиси, ф.и.к., доцент Ф.М.Кайымова, директордун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, б.и.к., доцент А.А.Абдибаитова, гуманитардык факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары Султан кызы Алтынайлар сөзгө чыгышып, ата-бабаларды эскерүүнун мааниси, жети ата, текти сүрүштүрүү боюнча өздөрүнүн омоктуу ойлорун айтышты.
Иш-чарага катышкан ар бир баяндамачы-студент көрсөтмөлүүлүк менен слайд, видео материалдардын коштоосунда баяндама жасашты.
– 10-ноябрда илим күнүнө арналган институттун денгээлиндеги уюштурулган конференцияда окутуучуларыбыз Ф.Кайымова, А.Абдыкеримов илимдин тарыхы, азыркы илимдин көйгөйлөрү жөнүндө докладдарын окушту.
-17-Ноябрь – Студенттер күнүндө 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземин 4-курстардын студенттеринин жана институттун студсенатынын жардамында өткөрүлдү.
– 1-декабрь күнү факультетибиздин студенттерине 1-Декабрь – СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Жашоо үчүн СПИДге каршы жаштарды үндөө» деген темада шаардык «Саламаттыкты сактоо» бөлүмүнүн өкүлдөрү (врач, медайымдар) семинар өткөрүп беришти. СПИД жана андан сактануунун жолдору ж.б. боюнча суроо-жооптор болду.
– 2-декабрь күнү бардык кураторлор СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «СПИД-коркунучтуу дарт» деген темада дүйнөлүк глобалдык маселеге арналган илдеттүү дарт, андан сактануунун жолдору ж.б. темасында куратордук саатарды өткөрүштү.
– 10-декабрь күнү «Эсте, кыргыз, кырылганын кыргыздын» аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеде студенттер Үркүн тарыхый окуясын сахнада чагылдырышты; А.Абдикеримов «1916-жылдагы улуттук – боштондук көтөрүлүштүн натыйжалары» деген темада баяндама окуду. 3-курстун тарых адистигинин студенти Шерикбек к. Г. «Үркүн бүтпөс баяны» деген темада баяндама жасады.
-12-Декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата факультеттин окутуучулары жана студенттери залкар акын жазуучулар Ч.Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган “Ч.Айтматов ааламына саякат” аттуу адабий-клмпозициялык кече уюштуруп өткөрүштү. Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү 1-курстун студенттери сахналаштырып көрсөтүштү. Анда мыкты номинацияларынын жеңүүчүлөрү катары ФК-23, ФР-23, АР-23, АК-23 тайпаларынын студенттери баалуу белектер менен сыйланышты.
22-декабрь күнү “УЛУУЛАРДАН УЮТКУЛУУ ЭМГЕКТЕР” аттуу иш чара өткөрүлдү. Бул аземде 2023-жылда жарыкка чыккан төмөнкү авторлордун ( Кочконов А.К., Бердиев А.Т., Кайымова Ф.М., Ураимов Ш. У., Азимбаев Б.) эмгектери боюнча маек болуп өттү.
– Жаңы жылга карата тайпалар ар түрдүү кутуктоолор менен дубал гезиттер
чыгарышты. 29-декабрь күнү институттун студенттери үчүн студенттик майрамдык кече өткөрүлдү.
23-Февраль – Мекен коргоочулар күнүнө карата 22-фералында БатМУнун башкы
мекемесинде окуу жайдын окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн арасында Мекен коргоочулар күнүнүн урматына “Бирдиктүү БатМУ мырзасы” аттуу конкурс болуп өттү. Бул конкурска БатМУнун М.М.Тайиров атындагы КГПИнин жигиттеринен курама команда да катышып келишти. Жигиттер жобого ылайык конкурстун шарттарын аткарышып, өз өнөрлөрүн, күчүн сынап таймашышты. Жыйынтыгында, студенттерибиз байгелүү 2-орунду камсыздашты.
21-март күнү Нооруз майрамына карата кыз-жигит “Сармерден” болуп өттү. ТТФ жигиттери менен гуманитардык факультеттин кыздары жарышышты. Сармерденде гуманитардык факультеттин кыздары жеңип, баалуу белектерди камсыз кылышты.
24-март күнү «Кургак учук” оорусуна каршы окуу жайдын медайымы тарабынан
фтизиаторлор менен жолугушу болут өттү.
“1- апрель күлкү күнүнө карата институттун негизинде Тама Шоу уюшулуп Gum
Mixs командасы 2 – орунду камсыз кылды.
27-майда БатМУнун М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда чоң программадагы салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Анда 28-май окуу жайдын түзүлгөн күнүн белгилөө, Акыркы коңгуроо аземи, абитуриенттер үчүн “Ачык эшиктер” күнүн өткөрүү, LED экраны менен чоң конференц залдын жана китепкананын ачылышы, Эгемберди Эрматов атындагы каананын ачылышы жана Абдыманап Жалилов атындагы «Фергана кыргыздарынын тарыхы, тили, маданияты» илим изилдөө борборунун ачуу аземдерин камтылды. Куттуктоо үчүн сөзгө экономика илимдеринин доктору, профессор, Баткен мамлекеттик университетинин ректору Гыязов А.Т., физика-математика илимдеринин доктору, профессор, БатМУнун илим изилдөө институтунун директору Тайиров М.М.; Кызыл-Кыя шаарынын мэри Маткалыков А.Ж.; Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Матосмонова Д.Д; тарых илимдеринин кандидаты, доцент, БатМУ КГПИнин директору Бердиев А.Т.; Уч-Коргон айылдык кеңешинин төрайымы Кочконова М.К. жана ф.и.к., кыргыз тили жана тарых кафедрасынын профессору К. Пахыровдор чыгышты. Чакырылган коноктордун ар бири КГПИнин билим берүү тармагындагы орду, ийгиликтери, жетишкендиктери тууралуу баса белгилеп, изги каалоо-тилектерди айтышты.
Ошону менен катар, төмөнкүдөй докладдар окулду:
1. Тайиров М.М., ф-м.и.д, БатМУнун профессору: «БатМУ КГПИнин калыптануусунун этаптары»;
2. Бердиев А.Т., т.и.к., доцент, БатМУ КГПИнин директору: «БатМУ КГПИ кечээ, бүгүн, эртең»;
3. Кайымова Ф.М., гуманитардык факультеттин деканы, ф.и.к, БатМУ КГПИнин доценти «КГПИдеги филологиялык билим берүү багытынын өнүгүүсү»;
4. Абдибаитова А.А. б.и.к, БатМУ КГПИнин окуу жана илимий иштер боюнча директордун орун басары, доцент: «КГПИдеги илимий багыттагы ийгиликтер».
Окуудагы, илимий изилдөө жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөткөн эң алдыңкы үч студентке профессор М.М.Тайиров атындагы $100 өлчөмүндөгү стипендия берилди. Гумфактан мындай стипендиат кдеп Н.Камалова табылды.
Акыркы коңгуроо аземинде институттун быйылкы жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу түрдө чакырылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында профессордук –окутуучулук курамдын жана студенттердин жетишкендиктерин куттуктоо Ардак громаталары, ыраазычылык каттары, дипломдору тапшырылды.
Студенттер жана таланттуу окутуучулар тарабынан чакан концертик программа тартууланды.
Студсенаттын иши
Студ кеңештин 2023-жылдын сентябрь айындагы №1 отурумунда студсенаттын курамы түзүлүп бекитилген.
- Факультеттин студ.сенаты – Канатбек к. Шахида ФК-21
- Спорт сектору – Исмаилова Бегимай СЭБ -21
- Маданият сектору – Турдукулова Бегимай ФК-22
- Окуу сектору – Садирова Бумария СЭБ-21
- Дебат сектору – Эргешов Дастан АР-22
- Казначы – Камалова Наргиза ФР-21
- Аялдар кенеши – Жумабай к.Умутай ФР-22
Студсенаттын лидери ФК-21 тайпасынын студенти Канатбек к. Шахида дайындалып, курамы менен кошо пландын негизинде бир топ иштерди аткарды. Сенаттан окуу сектору, маданий-сектор жана спорт сектору жакшы иштерди алып барышты. Маданий-массалык сектордун жетекчилери Канатбек к. Ш. факультеттин маданий иштерине жакындан жардам көрсөтүштү. Студсенаттын жылдык аткарган иштеринин жыйынтыгы факультеттин апрель айындагы окумуштуулар кеңешинде каралып, канааттандырар лык деп табылды.