БатМУнун М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда бүгүн чоң программадагы салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
   Анда 28-май окуу жайдын түзүлгөн күнүн белгилөө, Акыркы коңгуроо аземи, абитуриенттер үчүн “Ачык эшиктер” күнүн өткөрүү, LED экраны менен чоң конференц залдын жана китепкананын ачылышы, Эгемберди Эрматов атындагы каананын ачылышы жана Абдыманап Жалилов атындагы «Фергана кыргыздарынын тарыхы, тили, маданияты» илим изилдөө борборунун ачуу аземдерин камтылды.
  Куттуктоо үчүн сөзгө экономика илимдеринин доктору, профессор, Баткен мамлекеттик университетинин ректору Гыязов Айдарбек Токторович; физика-математика илимдеринин доктору, профессор, БатМУнун илим изилдөө институтунун директору Тайиров Миталип Муратович; Кызыл-Кыя шаарынын мэр Маткалыков Асылбек Жоробаевич; Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы.Матосмонова Дамира Джамалдинова; тарых илимдеринин кандидаты, доцент, БатМУ КГПИнин директору Бердиев Асан Токсонович; Уч-Коргон айылдык кеңешинин төрайымы Кочконова Миргүл Кубатована жана ф.и.к., профессор, кыргыз тили жана тарых кафедрасынын профессору Пахыров Курсан Чандекилер чыгышты. Чакырылган коноктордун ар бир КГПИнин билим берүү тармагындагы орду, ийгиликтери, жетишкендиктери тууралуу баса белгилеп, изги каалоо-тилектерди айтышты.
Ошону менен катар, төмөнкүдөй докладдар окулду:
1. Тайиров Миталип Муратович. ф-м.и.д, БатМУнун профессору «БатМУ КГПИнин калыптануусунун этаптары»;
2. Бердиев Асан Токсонович т.и.к., доцент, БатМУ КГПИнин директоу «БатМУ КГПИ кечээ, бүгүн, эртең»;
3. Кайымова Фарида Миркамиловна, гуманитардык факультеттин деканы, ф.и.к, БатМУ КГПИнин доценти «КГПИдеги филологиялык билим берүү багытынын өнүгүүсү»;
4. Абдибаитова Апиза Абдурасуловна, б.и.к, БатМУ КГПИнин окуу жана илимий иштер боюнча директордун орун басары, доцент
«КГПИдеги илимий багыттагы ийгиликтер».
   Окуудагы, илимий изилдөө жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөткөн эң алдыңкы үч студентке профессор М.М.Тайиров атындагы $100 өлчөмүндөгү стипендия берилди.
   Акыркы коңгуроо аземинде институттун быйылкы жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу түрдө чакырылды.
   Иш-чаранын жыйынтыгында профессордук –окутуучулук курамдын жана студенттердин жетишкендиктерин куттуктоо Ардак громаталары, ыраазычылык каттары, дипломдору тапшырылды.
  Студенттер жана таланттуу окутуучулар тарабынан чакан концертик программа тартууланды.