“Урматтуу Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги, окутуучулары, студенттери жана бүтүрүүчүлөрү! Сиздерди университеттин түзүлгөнүнүн 85 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул жылдар аралыгында ОшМУ бир топ жолду басып өтүп, өлкөбүздөгү алдыңкы окуу жайлардын бирине айланды. Илимге, билимге, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар баа жеткис. Сиздин ийгиликтериңиз жана жетишкендиктериңиз студенттердин жаңы муундарын илимий жана кесиптик бийиктиктерди багынтууга шыктандырат. Алдыда мындан да жаркын ачылыштар, жетишкендиктер жана жеңиштер күтүп турсун! Университетке мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү, ал эми чоң академиялык коомчулуктун бардык мүчөлөрүнө – ден-соолук, бакыт жана жаңы жетишкендиктер үчүн түгөнгүс энергия каалайбыз! Майрамыңыздар менен, ОшМУ!⠀Жакшы каалоо-тилектер менен,Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов, БатМУнун жалпы жааматы.