БатМУ жазы 2019

Талантуу студенттер таймашы

2019-жылдын 19-апрель күнү “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата БатМУнун башкы мекемеси жана анын окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн студент жаштарынын арасында “БатМУ жазы- 2019” фестивалы БатМУнун Уюштуруу жана тарбия иштери боюнча бөлүм тарабынан уюштурулуп, ага 6 команда катышты.

   Фестивальды уюштуруунун   максаты:

– Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу;

– БатМУнун башкы мекемеси жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн таланттуу студенттерин табуу жана алардын жөндөм-шыктарын өстүрүү, аткаруу чеберчилигин жогорулатуу;

– Жаштар арасында мекенчилдикти, мамлекеттик тилге болгон мамилени өстүрүү;

– Студенттердин сергек жана активдүү жашоого умтулуусун калыптандыруу;

– БатМУнун башкы мекемеси жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн студенттеринин арасындагы достук мамилени, өз ара байланышты чыңдоо;

– 2019-жылдын июнь айында Талас мамлекеттик университетинде боло турган “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу ЖОЖдор арасындагы студенттердин IV «Достук» фестивалына катышуучуларды тандоо.

     Фестивалдын жүрүшүндө студенттер “Саламдашуу”, “ Фольклордук ” (“Манас” айтуу, Элдик ыр аткаруу, Элдик музыкалык аспаптарда ойноо) , “Күч сыноо”, “Бий ”, “Поэзия”, “Куудулдук өнөр”, “Эстрада” жанрлары боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында 2019-жылдын июнь айында Талас мамлекеттик университетинде боло турган “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу ЖОЖдор арасындагы студенттердин IV «Достук» фестивалына катыша турган ар тараптуу жөндөмдүү, таланттуу студенттерден куралган топ тандалып алынды.

БатМУнун Уюштуруу жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчы Жолболду Саттаров