2024-жылдын 29-февралында Баткен мамлекеттик университетинин проректорлору, окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана тиешелүү адистердин катышуусунда Баткен мамлекеттик университетинин жакынкы 3 жылга стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча окуу тренинги болуп өттү.

Чечим чыгаруучу жетекчилер жана тиешелүү адистердин катышуусунда миссия, стратегиялык максаттар, пландар талкууланды.

Окуу интерактивдүү ой бөлүшүү, талкуулоо жана жыйынтыкка келүү усулунда өткөрүлдү. Стратегиялык максаттарды аныктоо жана аны ишке ашырууда ынтымакта, жапа тырмак аракет жасоо керек экендиги белгиленди.