18-май Эл аралык музейлер күнүнө карата БатМУнун Айгүл Тоо тарыхый-маданий музей комплексинде “Дүйнөлүк цивилизациялар музей барельефтеринде” аталышында иш чара болуп өттү.Иш чарага БатМУнун окуу иштери боюнча проректору Миралы к А., Илим, уюштуруу жана тарбия иштери боюнча проректору Саматова А.А., Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору Абдипатта у Ж., музей комплексинин жалпы жамааты, мектеп мугалимдери, окуучулары, студенттер жана башка коноктор катышты. Музей күнүнө арналган иш чара Саттаров Ж.О. “Баткен жергеси” аталышындагы жаңы ырдын бет ачары менен башталды. Андан соң БатМУнун студенттери тарабынан уюштурулган кыргыз бийи сунушталды. Эң кызыктуу бөлүгүндө музейде жаңыдан жасалган барельефтик көрүнүштөр жана музейдин башка экспонаттары менен келген конокторду атайын гиддер тааныштырды. Жаңыдан жасалган дүйнөлүк цивилизациянын эволюциясы көрсөтүлгөн барельефтик сүрөттөр жана жасалгалар баарын таң калтырды.