Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына БатМУнун А.Машрабов ат. СГЭИнин профессору, т.и.к. Курбонов Абдукаюм Давлатовичтин 60 жылдык юбилейине жана “Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-укуктук абалы” долбоорунун алкагында уюштурулган “Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын орду: көйгөйлөр жана ойлор” аталышындагы студенттердин III илимий-тажрыйбалык конференциясы болуп өттү.Конференцияга БатМУнун окуу түзүмдүк бөлүмдөрү жана Кыргызстандын башка аймагынын ЖОЖдору тарабынан студенттерден 121 макала келип түшүп, 6 секцияда өткөрүлдү.Курбонов Абдукаюм Давлатович БатМУнун А.Машрабов ат.СГЭИде 26 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Абдукаюм Давлатовичтин шакирттери жана окуучулары бүгүнкү күндө Баткен облусунун эле эмес Фергана өрөөнүнүн өнүгүшүнө салым кошуп келет.Конференциянын жүрүшүндө ардак грамоталар жана дипломдор тапшырылды. Дагы бир жагымдуу жаңылык БатМУнун А.Машрабов ат. СГЭИнин бүтүрүүчүсү, БатМУнун борборлоштурулган эсепканасынын башкы эсепчиси Алиханов Акылбек Абдиллаевичке экономика илимдеринин кандидаты наамы ыйгарылып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу УАКтын диплому салтанаттуу тапшырылды.