Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде 2024-жылдын 9-январында болгон кеңешменин протоколдук тапшырмасынын алкагында Баткен районунун аймагындагы 9 айыл аймак башчыларына, инвестиция тартуу боюнча адистерине “Уюмдарды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу” аталышындагы семинар өткөрүлдү.БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси аймактарды өнүктүрүүгө багытталгандыгын жана бул тескемеге орчундуу мамиле жасоо керектигин өз сөзүндө айтып өттү. БатМУнун экономика жана каржы боюнча проректору М.М.Үсөнов аймактык-территориялдык реформа жана айыл аймактардын структуралык реформалары жөнүндө айтып берди.Андан ары БатМУнун Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору Абдипатта у. Ж. “Стратегиялык пландоо” боюнча семинар өттү.Семинарда стратегиялык план эмне үчүн керек?, Эмнеге стратегиялык пландар ишке ашпай калат? Стратегиялык максаттарды SWOT жана PEST анализдин негизинде талдоо боюнча суроолорго жооп берилди. Баткен мамлекеттик университети жогорудагы тескемеге ылайык апрель айында Кадамжай райондук администрациясынын аппарат кызматкерлерине жана айыл аймак башчыларына да окутуу өткөргөн.