2024-жылдын 25-июнь күнү Археологиялык казууларды БатМУнун профессору, тарых илимдеринин кандидаты, Кадыров Абдинаби Аззамбаевич жана КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы тарых илимдеринин кандидаты, Кадича Ташбаева Искендеровна жетектеп, Баткен районунун, Самаркандек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кошуун аймагында жүрүп жатат. Жолугушууда археологдор долбоордун, табылгалардын чоо-жайын жана аймактын тарыхын изилдөө үчүн, жасап жаткан жумуштарын кубануу менен бөлүшүштү. Алар байыркы буюмдарды кантип кылдаттык менен тазалап, ачыкка чыгарышканын, табылган ар бир табылга илгерки замандын маданиятынын сонун далили экенин көрүүгө болоорун айтып өтүштү. Ар бир казууларды аралап жүрүү менен археологдор тарабынан табылган ар бир буюмдун, органикалык калдыктардын артында кандай окуялар жашырырылып жатканы талкууланды. Мурда бул жерде жашаган элдердин жашоосунун маданиятынын кичинекей бөлүгүн болсо дагы көрүү, таасирдүү болду. Долбоордун максаты, биздин өткөн тарыхыбызды изилдөө жана аларды сактоо.