“Эразмус +” Кыргызстан кеңсесинин “Жашыл жана санарип университет”(GREEN KG) долбоору 2023-жылдын жыйынтыгы менен тандалып, ага Кыргыз Республикасынан 10 жогорку окуу жай, ал эми Европадан 2 жогорку окуу жай партнёр катары кирген. Эске сала кетсек, бул долбоор ЖОЖдордун “жашыл” жана “санариптик” университеттер үчүн саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча билимдерин жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча ЖОЖдордун муктаждыктарын канааттандырууга багытталган.Кыргыз Республикасынан келген жогорку окуу жайлардын делегациясы менен биргеликте 2024-жылдын 30-июндан 7-июлга чейин Вильнюс университетинде тажрыйба алмашуу болуп өтөт.Долбоордун алкагында жакында Баткен мамлекеттик университетинде 16000 еврого каржыланган “Жашыл жана санарип көндүмдөр борбору” ачылат.