“Жашыл жана санарип уриверситет” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынан барган ЖОЖдордун ректорлору жана проректорлору Вильнюс университетинин кабыл алуусунда болду.Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов жолугушууда GREEN KG долбоорунун маанилүүлүгүнө токтолуп өттү. БатМУнун Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору Абдипатта уулу Жумабек жашыл жана санарип университеттин моделин иштеп чыгууга GREEN KG долбоору жакшы шарт түзөөрүн белгиледи. Бул тармакта Вильнюс университетинин тажрыйбасы өтө маанилүү экендигине токтолду. Биздин байланыштарыбызды бекемдөөгө жана баалуу тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн жылуу кабыл алуу жана ачык диалог үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин өнөктөштүгүбүз олуттуу натыйжаларды алып келет жана университеттерибиз үчүн туруктуу жашыл жана санариптик келечекти түзүү боюнча биргелешкен максаттарыбызды ишке ашырууга жардам берет деп ишенебиз.