Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда баштала тургандыгын билдирет.Жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш тур менен жүргүзүлөт.ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :I тур – 15-июль 17-июль саат 14:00гө чейин;II тур – 22-июль 24-июль саат 14:00гө чейин;III тур – 29-июль 31-июль саат 14:00гө чейин;IV тур – 5-август 7-август саат 14:00гө чейин;V тур – 12-август 14-август саат 14:00гө чейин.Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.