Баткен мамлекеттик университетинин Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин, Табигый илимдер жана математика кафедрасынын  «Абалын кандай табият?»  аттуу жумалыгы 2023-2024-окуу жылына карата окуу графигинде бекитилген кафедранын жумалыгы, 2024-жылдын 6-майынан 10-майына чейин өткөрүлдү. Жумалыктын алкагында:

1-күнү биология адистигинин студенттери окутуучуларды жана студенттерди күндөгүдөн башкача жагымдуу маанай тартуулашты.

Күндүн экинчи бөлүгүндө биология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, ОшМУнун медицина факультетинин жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна жана ОшМУнун Юридикалык факультетинин магистратура бөлүмүнүн башчысы ю.и.к., доцент Дехканова Кымызай Ахматовна менен жолугушуу болду. Жолугушууда студенттерге тегерек стол уюштурулуп, студенттерге илимий кеңештерин беришти. Студенттер өздөрүнүн илим жаатында кызыккан суроолоруна жооп алышты.

2-күнү «Ден соолук көркү-спорт» аталышында студенттер арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү.  Жумалыкта белгиленген  Аркан тартыш, Шахмат, Кол күрөш, спорттук мелдештер уюштурулуп жеңүүчүлөр аныкталды.

Күндүн экинчи бөлүгүндө биология адистигинин студенттери тазалык акциясын уюштурушту. Жаратылыш – бул биздин үйүбүз. Ошол үйдү таза кармоо, аяр мамиле жасоо баарыбыздын милдетибиз.

3-күнү Табигый илимдер жана математика  кафедрасынын студенттери “STEAM  программасынын өзгөчөлүктөрү” аттуу темада семинар өттү.

Күндүн экинчи бөлүгүндө Биология адистигинин 3-курстары Г.Валиева жана Б.Кутбаева тарабынан тегерек стол уюштурулду.

4-күнү Жалпы биология адистеринин студенттери «Жаратылыш – жан досум»  аттуу талаа практикасына «Кара-Булак» эс алуу жайына барып келишти. Ал жердеги Баткендин залкар жазуучусу Мурзапар Үсөн тарабынан уюштурулган  «Муз Булак» музейи менен жакындан таанышып келишти. Бул музейди тааныштырган жазуучунун уулу өзүбүздүн кесиптешибиз Үсөнов Иса Мурзапаровичке терең ыраазычылык билдиребиз.

5-күнү жумалык жыйынтыкталып студенттери тарабынан концерт уюштурулду. Анын негизинде жумалыкка активдүү катышкан кафедралар акчалай сыйлык менен сыйланышты ал эми студенттерге Ардак грамоталар берилди.