Факультет төмөнкү багыттар боюнча бакалаврларды даярдайт:
75 05 00 «Курулуш»
58 0100 «Экономика»
75 01 01 «Архитектура»
57 04 00 «Дизайн»
Окуу мѳѳнѳтү: «Курулуш», «Экономика», «Дизайн» – 4 жыл, «Архитектура»-5 жыл.
Окууга кабыл алуу ЖРТ нин негизинде, ал эми «Дизайн» адистигине кабыл алуу жалпы республикалык тестисиз, сынак менен болот.
75 05 00 «Курулуш» багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесипкөй ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү: конструктордук бюролор, долбоордук институттар, өндүрүштүк ишканалардын курулуш бөлүмдөрү, курулуш устаканалар жана фирмалар, кыймылдуу механизациаланган колонналар (ПМК), имараттарды калыбына келтирүү устаканалары.
58 01 00 “Экономика” багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесипкөй ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү: банктар, ишкана мекемелердин экономика жана эсеп бѳлүмдѳрү, жеке фирмалар, мамлекеттик ишканалар.
750100 “Архитектура” багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесипкөй ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү: конструктордук бюролор, долбоордук институттар, өндүрүштүк ишканалардын архитектуралык бөлүмдөрү, архитектуралык устаканалар, шаардык архитектуралар, эстеликтерди калыбына келтирүү устаканалары.
750200 “Дизайн” багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесипкөй ишмердүүлүгүнүн объектилери функционалдык-техникалык жана эстетикалык талаптарга ылайык жайгаштырылган зарыл дизайнердик каражаттары жана тутумдары менен (акустика, колористика, жарык, температура-нымдуулук режими, маалымат, дизайн объектиси ж.б.) жашоонун жана адам менен коом ишмердүүлүгүнүн предметтик-мейкиндик чөйрөсү (архитектуралык жана дизайнердик объектилери жана инженердик курулмалары киргизилген шаардын жана айылдын, жабдуулары жана жаратылыш байлыктары менен ландшафтык-рекреациялык комплекстердин, жабдуулары менен имараттардын жана курулмалардын интерьеринин мейкиндиги); жаратылыш, шаардык жана интерьерлик чөйрө (маалыматтык, коммуникациялык, тиричилик ыңгайы ж.б.) менен жабдылган атайын функционалдык-көркөм комплекстер, ар кандай деңгээлдеги жана түрдөгү экспозициялык объектилер, ошондой эле бул объектилердин санариптик, вербалдык, графикалык, көлөмдүк жана башка үлгүлөрү болуп саналат.