Сырттан дистанттык технологияларды колдонуу менен окутуу бөлүмү жөнүндө маалымат

БатМУ СПИге дистанттык окутуу формасына 2012 -2013- окуу жылынан кабыл алынган студенттер үчүн дистанттык билим берүү системасы боюнча билим берүү программаларын, окутуунун дистанттык билим берүү технологияларын пайдалануу менен ишке ашыруу шарттарын жана тартибин, дистанттык билим берүү боюнча окуган студенттерге окуу прпоцессин жүргүзүү максатында окуу маалымат бөлүмүнүн алдында дистанттык билим берүү технологиялар бөлүмү (ДББТБ) КГПИнин директорунун 2012-жылдын 1-сентябрындагы №3\1 буйругунун негизинде физика математика илимдеринин кандидаты, доцент Кошуев Абдижамил Жумаевич дайындалган.

Дистанттык окутуу формасына 2012-2013-окуу жылынан баштап 150 студент кабыл алынган. (КГПИнин директорунун №6/Б 2012-жылдын  29-сентябрындагы жана БатМУнун ректорунун №14\0 2012-жылдын 1-ноябрындагы буйруктарынын негизинде), ал эми 2013-2014-окуу жылына карата 49 студент кабыл алынган.

БатМУ СПИде дистанттык билим берүү системасы (ДБС) өнүктүрүү Концепсиясына, Ош МУда дистанттык билим берүү системасын өнүктүрүү Концепсиясына, ЖОЖдордо окуу процессин ECTS кредиттик технология боюнча уюштуруу жөнүндө нормативдик Жоболорго, ошондой эле институттун, Университеттин жана мамлекеттик башкаруу органдарынын башка ченемдик актыларына ылайык иштелип чыкты.

БатМУ СПИге дистанттык билим берүү системасы боюнча билим берүү программаларын, окутуунун дистанттык билим берүү технологияларын пайдалануу менен ишке ашыруу шарттарын жана тартибин, дистанттык билим берүү боюнча окуган студенттерге окуу процессин жүргүзүү максатында окуу- маалымат бөлүмүнүн алдында сырттан дистанттык билим берүү технологиялар бөлүмү (СДТКОБ) БатМунун ректорунун 1-февралындагы № 03-03/18 буйругунун негизинде уюштурулуп, сырттан дистанттык технологияларды колдонуу менен окутуу бөлүмүндө бөлүм башчысы, жетектөөчү адис жана усулчусу(методист) иш алып барышууда. 2016-окуу жылынын 2-февралындагы №03-03/18 буйругунун негизинде сырттан дистанттык технологияларды колдонуу менен окутуу бөлүмү болуп түзүлдү. Бөлүм башчы кызматына ректордун  2016-окуу жылынын 2-февралындагы №03-03/18 буйругунун негизинде биология илимдеринин кандидаты, доцент Омурзакова Гулнара Таштановна дайындалган.

Биздин бөлүмдө төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн профилдер даярдалат;

5 жылдык окуу программасы

БөлүмБагыты профили   шифрОкуу мөөнөтү
СДТКОБТабигый-илимий билим       берүү багыты
Биология  профили5501005
Филологиялык билим
берүү багыты
Орус тили ж-а адабияты профили5503005
Педагогика билим
берүү
Педагогика профили5507005
Физика-математикалык билим берүү багыты
Математика5502005
Информатика5502005