18-июлда Баткен мамлекеттик университетине 2022-2023-окуу жылы үчүн абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды.

Жылпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен граттык негизде 100 баллдан, кошумча тест 60 балдан, ал эми келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест 95 баллдан жогорку баллга ээ болгон абитуриенттер БатМУга тапшыра алышат.

Биринчи тур 20-июль күнү саат 14.00дө аяктайт.

Абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

БатМУга кабыл алуунун графиги төмөндөгүдөй:

– I тур – 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

– II тур – 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

– III тур – 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

– IV тур – 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

– V тур – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.