БатМУ КГПИнин профессору М.М.Тайиров жетектеген делегация 2023-жылдын 15-16-июнунда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жүрүп жаткан техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, Эл аралык инженердик академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын биринчи академиги Абдраимов Самудин Абдаримовичтин жаркын элесине арналган “Ааламдашуу, санариптик трансформация жана заманбап чакырыктардын доорундагы табийгый – техникалык жана колдонмо илимдер” деген темадагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып жатат.

Иш-чарага кошуна Казакстан Республикасынын жана Кыргызстандын ЖОЖдорунан 40тан ашуун окумуштуу чакырылып, пленардык жыйындан соң 3 секцияда илимий баяндамалар талкууланды.

Конференция заманбап инженердик илимдин, физика-математикалык, табият таануу, айыл чарба илимдеринин жана маалыматтык технологиялардын теориялык жана колдонмо маселелерин, ошондой эле экология, жаратылышты пайдалануу жана жашыл экономиканын актуалдуу проблемаларын талкуулоо максатында уюштурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында конференцияга катышкандыгы жана кызыктуу баяндама жасагандыгы үчүн катышуучуларга сертикаттар ыйгарылды.