Үстүбүздөгү жылдын 15-18-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында спорттун таяк тартыш түрү (MAS-WRESTLING ) боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Бул чемпионатта БатМУ КГПИнин дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу ДилдораРахманова 17 өлкөнүн балбандары менен +85 кг салмакта күч сынашып, 1- орунду ээлеп, дагы бир ирет Кыргызстандын намысын коргоду.

Балбан кызыбызды жеңиши менен куттуктайбыз! Бекем ден соолук, кажыбас кайрат, зор ийгиликтерди каалайбыз жана сыймыктанабыз!