Ректордун куттуктоосу:

“Кадырлуу калайык калкым, урматтуу мекендештер жана өлкөбүздүн коноктору!

Сиздерди кирип келе жаткан жаңы 2024-жылыңыздар менен өзүмдүн атымдан жана Баткен мамлекеттик университетинин жалпы жамаатынын атынан чын дилимден куттуктаймын!

Жаңы жыл – бул артка кылчайып өткөн жылга сереп салып, келе жаткан жаңы жылга утурлай алдыбызга жаңы максаттарды койгон аруу-тилектердин жана жаркын күтүүлөрдүн майрамы.

Узап бараткан жыл Баткен мамлекеттик университети үчүн жемиштүү жыл болду. Атай кетсек, БатМУнун карамагында жаңыдан 2 гимназия мектеп, 1-жолу 100 орундуу “Нукура” балабакчабыз, 3 багытта медициналык колледж ачылды. Баткен шаарындагы гимназиябыздын 20 окуучусу Түркия мамлекетинде бюджеттик негизде билим алууда.

Андан тышкары илимий багытта бир канча жетишкендиктер, студенттердин стартап жана ойлоп табуучулук боюнча ийгиликтери университеттин сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулашына шарт түзөт деп үмүттөнөбүз. Академиялык мобилдүүлүк боюнча Корея, Венгрия, Кытай, Өзбекстан, Россия мамлекеттери менен эки тараптуу келишим түзүүгө жетиштик. Келе жаткан 2024-жылга карата БатМУнун базасында кытай, корей, өзбек, орус тили маданият борборлорун ачуу боюнча эки тараптуу келишимдер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Америка борбору жана Түрк борбору ачылып, ал жерде студенттер жана шаар тургундары үчүн акысыз тил үйрөнүү курстары өтүлүүдө. Жаңы 2024-жылдагы ийгиликтерибиз менен да бөлүшөбүз.

Балык жылы жаркын кесиптик ийгиликтердин, жаратман жигердүү иштердин, бейпил тынчтыктын жана бакубаттыктын жылы болуп, өлкөбүздө билим берүү жана агартуучулук тармагы гүлдөп-өсө берсин.

“БатМУнун ректору, э.и.д.,профессор А.Т.Гыязов.