Тегерек столго КР Билим берүү министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Кусеинова А.С., Областтык билим берүү институтунун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, педагогикалык жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын өкүлдөрү, балдар адабият китептеринин авторлору, Баткен областындагы максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, китепканачылары жана администрация өкүлдөрү, ошондой эле Баткен мамлекеттик университетинин окутуучулары катышты. Иш чарада Баткен мамлекеттик университетинин ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязов менен Баткен областынын, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гайбуллаев Жениш, Кызыл -Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Матосмонова Дамира, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсанали Турдубаев, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назира Жапарова, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ибрахим Таджиевдер менен эки тараптуу келишимге кол коюшту. Бул келишимдин алкагында ЖОЖду аяктагандан адистер, жашоодо ордун татыктуу табуу үчүн, иш берүүчүлөрдүн талабын толук кандуу аткаруу менен окуу программасына тиешелүү сунуштарды киргизүү максатында, практикаларын татыктуу өтөө, жумуш орундары менен камсыз кылуу, танкыстык жаралып жаткан багыттагы мугалимдерди даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча келишим болду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун алкагында өз ишиндеги жетишкен натыйжалар менен бөлүшүштү жана башталгыч билим берүү системасында долбоордун натыйжаларын туруктуулугун бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.