Бул тренингдин журүшүндө окутуучулар, студенттер жана аспиранттар окууда, окутууда жана изилдөөдө пайдалуу электрондук ресурстарды издөө жана аларды колдонуу боюнча маалымат алышты. Тренингдин алкагында БААУнин китепкана кызматкерлери жергиликтүү жана чет элдик белгилүү академиялык басмалар тарабынан чыгарылган электрондук ресурстарга акысыз жазылуу жана колдонуу боюнча маалымат беришти. Тренинге Баткен мамалекеттик университетинин окутуучулары жана китепканачылар, студенттер катышышты.Тренингди Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Илимий китепканасынын директору ф.и.к., Бекбалаева Жылдыз Амангельдиевна, Борбордук Азиядагы Америка Университетинин китепканасынын электрондук китепкана боюнча адиси Кожоканова Толгонай Амановна өттү.