Кечээ 4-апрель күнү, Баткен мамлекеттик университетинин кызматкерлеринин, Бириктирилген кесиптик бирлик комитетинин 2019-2024-жылдары аткарган иштери боюнча отчеттук жана кайра шайлоо жыйыны өткөрүлдү. Жыйында профсоюз комитетинин төрагасы К.А.Таировдун доклады угулуп, талкууланып жалпы делегаттар тарабынан жактырылып, канааттандыраарлык деп бааланды. Отчеттук жыйынга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Баткен облкомитетинин төрагасы З.Н. Бөтөков, БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязов, БатМУнун Бириктирилген кесиптик бирлигинин комитетин мүчөлөрү жана БатМУнун окуу түзүмдүк бөлүмдөрүнөн шайланган делегаттар катышты.Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: 1.БатМУнун Бириктирилген кесиптик бирлик комитетинин 2019-2024-жылдарда аткарган иштери боюнча отчету. 2. БатМУнун Бириктирилген кесиптик бирлик комитетинин 2019-2024-жылдарда текшерүү комиссиясынын отчету. 3. БатМУнун Бириктирилген кесиптик бирлик комитетинин жаңы курамын бекитүү жана төрагасын шайлоо жөнүндө. 4. БатМУнун Бириктирилген кесиптик бирлик комитетинин текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.Жыйында Баткен мамлекеттик университетинин кызматкерлеринин, Бириктирилген кесиптик бирлик комитетинин беш жыл аралыгындагы жетишкендиктери боюнча делегаттар тарабынан пикирлер жана сунуштар айтылды. Жыйынтыгында БатМУнун профсоюз комитети бекитилип анын төрагалыгына К.А.Таиров кайрадан шайланды.