Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде БатМУнун М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун өсүп-өнүүсү үчүн опол тоодой салымы бар филология илимдеринин кандидаты, профессор Жалилов Абдиманап Жалиловичти эскерүү кечеси болуп өттү.
    Иш-чара А.Жалиловдун туулган күнү жана окуу жайда өтүп жаткан илим жумалыгынын алкагында гуманитардык факультетинин жетекчилиги тарабынан уюштурулду.
    Өмүрүн эл агартууга, илим изилдөөгө, жетекчиликке арнаган Абдиманап агайды эскерүүгө ыраак-жакындан анын жакындары, кесиптештери, курсташтары, шакирттери келишти.

Эскерүү кечени «А. Жалилов – тажрыйбалуу устат-педагог, илимпоз» аттуу баяндамасы менен БатМУнун М.М.Тайиров атындагы КГПИнин директору, доцент А. Т. Бердиев ачып, ал А.Жалиловдун окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүндөгү ордуна токтолуп өттү.

   А.Жалилов эмгек жолун айылдык мектептен баштаган. Анын окуткан бир нече окуучулары учурда элге башы көрүнгөн инсандар болгон. Алардын бири “Баткен таңы” облустук гезитинин башкы редактору А.Акматов да сөзгө чыгып, агайдын устаттык, адамдык жактарын айтып өттү.

   Кечеде А.Жалиловдун жалындаган жаштык учурундагы мезгили тууралуу достору, тайпалаштары ОшМУнун профессору Т.Нуруев, доцент Б.Аблувалиева жана №6 орто мектебинин кыргыз тили мугалими Туратова Жыпар эжекелер сөздөрүндө айтып өтүштү.

   Ал эми Ош МУдагы шакиртеринин бири, ф.и.д., проф. Г.Т. Жамгырчыева сөзгө чыгып, агайдын сезимтал илимпоздугуна токтолуп, филологиянын философу катары баалап, эне тилдин патриоту болгондугун баса белгиледи.

   Ф.и.к., проф.м.а. К.Пахыров сөзгө чыгып, «Чыгаан тилчи, чыныгы устат тууралуу алгы сөз» аттуу эскерүү баяндамасын жана «Досум А. Жалилов кайтыш болгондогу ыр» деген чыгармасын окуп берди.

    А.Жалиловдун жакындары: балдары, жубайы сөзгө чыгып, анын үйдө кандай ата болгонун, кандай жубай экенин эскерип, иш-чараны уюштургандарга терең ыраазычылык билдиришти.

    Эскерүү кечеде айтылган бардык ойлорду жыйынтыктап, “А. Жалилов жашоодо да, илимде да татыктуу жолду басып өттү” деген темада ф.-м.и.д., профессор М. М. Тайиров баяндама жасап, агайдын бейнесине сүртүмдөр жасады. Анын окуу жайга келип иштөө таржымалын, институтту түптөөдөгү опол тоодой эмгегин, тил илимине кошкон салымын, жеке жашоодогу сапаттарын, айрым кызыктуу окуялардан кеп салып, узун сабак жана кызыктуу баяндама жасады.

Элде: “Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар”,- деген сөз бүгүн эскерилген чыгаан тилчи, чоң илимпоз, чыныгы инсан Жалилов Абдиманап агайдын дал өзүнө арналгандай. БатМУнун алдында уюшулган илим изилдөө борбору үчүн жаңыдан ачылган каанага Абдыманап Жалиловдун атын берүү сунушталып, ал илимий борбордун да, КГПИнин жетекчилиги тарабынан да колдоого алынды.

Кечеге келгендер А.Жалилов ар бир иштин майын чыгара жасаш керектигин, ар кандай иш-чара жогорку деңгээлде болуш керектигин үйрөтүп да, көрсөтүп да бергендигин бир ооздон айтып өтүштү жана иш-чара мыкты денгээлде уюштурулгандыгын белгилешип, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдиришти.
Агайдын шакирти, ф.и.к., гуманитардык факультетинин деканы Фарида Мурзакамиловна белгилегендей, А.Жалиловдун изилдене турган жактарынын чети оюла элек, анын эмгектерин барактап көрүп, лексиколог, лексикогарф, диалектолог, стилист катары изилдөө шакирттеринин, студенттеринин мойнундагы парыз десек жаңылбайбыз.

Агайыбыз А.Жалиловдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!