17.05.2024-ж. Баткен мамлекеттик университетинде “Ачык эшиктер күнү” болду. Иш чарага Баткен шаарынын мектептеринен 200 дөн ашуун 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү катышты. Ачык эшиктер күнү стартаптар, спорттук жетишкендиктер жана илимий ийгиликтер боюнча жарманкеден башталды. Келген коноктор жарманкени көргөн соң БатМУда студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, БатМУнун керемет дүйнөсүнө саякат кылышты. Андан соң иш чара жыйындар залында уланды. БатМУнун окуу иштери боюнча проректору Анара Миралы кызы ачып берип, БатМУнун ректору, э.и.д., профессор Айдарбек Токторовичтин саламын абитуриенттерге жеткирди. Андан соң БатМУнун Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору Абдипатта уулу Жумабек БатМУдагы мүмкүнчүлүктөр боюнча доклад жасады. Өз сөзүндө студенттердин мобилдүүлүгү, материалдык-техникалык камсыздоо, ар бир студентке жекече мамиле жана жагымдуу атмосфера боюнча айтып берди.БатМУнун студенттери тарабынан майрамдык концерт уюштурулду. Эң соңунда 50 мектеп программасынан турган суроодон Kahoot ойнотулду. Биринчи ондукка киргендерге смартфон, акылдуу саат, кулакчын, суу үчүн боттлдар жана башка белектер ыйгарылды.#Абитуриент БатМУну тандайт!