2022-жылдын 15-апрелинде БатМУнун жалпы профессордук-окутуучулар курамына жыйын уюштурулуп, анда Башкы эсепчи А.Алиханов Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтому боюнча маалымат берди.

КР Министрлер Кабинетинин бул аракети мугалимдердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Жыйын суроо-жооптор менен коштолуп, окутуучулар айлык акынын көтөрүлгөндүгү алар үчүн зор моралдык жана материалдык жактан колдоо болгондугун билдирип, бул чечимди кабыл алган өлкө башчыга, КРнын МКнин төрагасына жана Билим берүү жана илим министри А.Б.Бейшеналиевге ыраазычылык билдиришти.