Баткен мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы жана ошондой эле Баткен Америка бурчунун координатору Үсөнов Иса Мурзапарович 2023-жылдын 23-30 сентябрь күндөрү Австрия өлкөсүнүн Вена шаарында болгон Эл аралык Америка бурчунун координаторлорунун тренингине катышып келди. Аталган иш чара 5 күнгө созулуп, анда долбоор жазуунун жаңы көндүмдөрүн, стратегиялык пландоо, критикалык ой жүгүртүү ж.б.у.с окутуулар менен коштолду. Тренингтин жыйынтыгында атайын жеке долбоорлор иштелип чыгып, презентацияланды.