2023-жылдын 3-5-октябрь күндөрү мектеп мугалимдеринин арасында “Жыл мугалими” сынагынын республикалык туру болуп өттү. Өлкөбүздүн 7 дубаны жана Ош, Бишкек шаарларынан тандалып барган мугалимдердин арасынан БатМУнун М.М.Тайиров атындагы КГПИнин кыргыз тили жана адабияты адистигинин бүтүрүүчүсү, учурда Ноокат районунун Н.Крупская атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Кеңеш кызы Айпери байгелүү 2-орунду багындырды.

Айпери БатМУ КГПИни 2013-жылы кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктаган. Айперини студент кезинен билими, тарбиясы, өзүнүн үстүндө иштеген аракетчилдиги менен өзгөчөлөнүп тургандыгын; окуу жайдын коомдук-маданий турмушунда, илимий багытта, түрдүү олимпиадаларда ар дайым алдынкылардан болгондугун аны окуткан окутуучулары белгилеп өтүштү.

Мындай бүтүрүүчүлөр – биздин сыймык!