“Жогорку мамлекеттик окуу жайлардын региондорду өнүктүрүү багытында иш аракеттер тууралуу” кеңешменин протоколдук тапшырмасынын алкагында жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 2-мартындагы № 01-17/740 кызмат катына ылайык БатМУнун Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Абдипатта уулу Жумабек жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Бөрүбаева Гульбара Назырбековна 2024-жылдын 14-мартында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлерине, айыл өкмөт башчыларына жана инвестиция тартуу боюнча айыл өкмөттөрүнүн адистерине “Стратегиялык планды иштеп чыгуу” боюнча тренинг өтүштү. Тренингдин алкагында Баткен облусунун өнүгүү багыттары презентацияланып, стратегиялык пландын үлгүсү көрсөтүлдү. Андан тышкары административдик-территориалдык реформалардын жүрүшү боюнча дагы суроо жооптор болду.