2024-жылдын 20-апрелинде, Түштүк регионундагы, Аймактык Жогорку окуу жайлар арасында, XI чакырылыштагы “Студенттик олимпиада” болуп өттү. Олимпиада М.Адышев атындагы, Ош технологиялык университетинде өткөрүлүп, 7 университет менен бирге Баткен мамлекеттик университетинин студенттери катышышты. Жобого ылайык, олимпиаданы уюштурган окуу жай олимпиадага катыша албайт, уюштурууну камсыз кылышат. Жыл сайын салтка айланып, уюштурулган олимпиада, ишкердик, башкаруучулук, инновациялык жана административдик ишмердүүлүк үчүн кадрдык потенциалды калыптандырууда ЖОЖдордун ролун бекемдөөгө багытталган.

Максаты-таланттуу студент жаштарды аныктоо менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана аларда чыгармачылык өсүштү калыптандыруу. Олимпиаданын аягында катышуучуларга 1-2-3-даражадагы дипломдорун жана белектерин беришти.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча компетенттүү калыстар тобунун чечими менен Баткен мамлекеттик университетинин студенттери төмөндөгүдөй орундарды камсыз кылышты:Англис-тили предметинен 1-орун, Назиржанов Достонбек ИК-23, жетекчиси, Арыкова Айчүрөк Тайкараевна;Математика предметинен 1-орун, Бегалиева Рухшона, Бк-1-22 жетекчиси, ф-м.и.к., доцент Байгесеков Абдибайит Мажитович;Информатика предметинен 2-орун, Эргашова Раяна, П-1-22, жетекчиси, Асанова Сакина Алимбековна;Укук таануу предметинен, 2-орун, Ходжаева Азиза, Тк-1-22 жетекчиси, Кадралиева Румия Ринатовна;Психология предметинен 3-орун, Момунова Айназик, П-1-22, жетекчи Мусаев Өмүр ;Орус тили адистигинен 3-орун, Камалова Наргиза ФР-21 3-орун жетекчиси, Садирова Кайры;Философия предметинене 3-орун, Молдобаева Бумариям ФК -22, жетекчиси Сыдыков Байастан;Манас таануу предметинен 3-орун, Каныбек кызы Сабира, жетекчиси Ботобекова Дамира Усмановна;Педагогика предметинен 3-орун, Обланазарова Тамонно, жетекчиси Мадмуратова Замира Гүлбаевна.