Урматтуу Баткен мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы!

Баткен мамлекеттик университети ички каржылануучу илимий долбоордун конкурсун  2022-2023-окуу жылына жарыялайт. Илимий долбоор атайын “БатМУнун профессордук – окутуучулары тарабынан илим – изилдөө иштерин жүргүзүү максатында даярдалган илимий долбоорлорду тандап алуу боюнча Жобонун” негизинде тандалып алынат. Долбоор 2022-жылдын 10-декабрына чейин, талаптагыдай документтери төмөнкү дарекке тапшырылуусу зарыл.

Баткен шаары, Баткен мамлекеттик университети, Мамлекеттик тил жана илим изилдөө бөлүмү, Саттаров Жолболду Омурзакович

Тел.номери: 0772883346, электрондук дареги: sattarov84kg@mail.ru

Тандалып алынуучу илимий долбоорлордун багыттары

Табигый илимдер:

Физика;

Математика;

Химия;

Биологиялык-медициналык илимдер;

География;

Экология жана жаратылышты пайдалануу.

Техникалык илимдер:

Информатика жана эсептөө техникасы;

Азык түлүк технологиясы;

Курулуш жана архитектура;

Энергетика;

Транспорт.

Айыл чарба боюнча:

Мал чарбачылыгы;

Дыйканчылык;

Гидрология жана суу ресурстары;

Ветеринерия.

Коомдук –гуманитаордык илимдер:

Экономикалык илимдер;

Юридикалык илимдер;

Саясий илимдер;

Тарыхый илимдер;

Педагогикалык, окутуунун усулдары боюнча;

Филологиялык илимдер.