Баткен мамлекеттик университетинин бизнес-инкубаторунун директору Фергана шаарында өтүп жаткан “Фергана өрөөнүндөгү санариптүү ишкердүүлүктү өркүндөтүү” аймактык конференциясынын 2-күнүндө “Маалыматтык технологиялар тармагында билим берүү” аталышындагы пленардык талкууга катышты.

Талкуу İT тармагындагы билим берүүдөгү көйгөйлөр жана алардын чечимдери тууралуу баарлашууга арналду. Суроолор актуалдуу жана кызыктуу болду.

Баткен мамлекеттик университетинин бизнес-инкубатору бул тармактагы өзүнүн артыкчылыктуу тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр!