12-октябрь “Диянет” фондунун генералдык директорунун биринчи орун басары Абдуррахман Четин мырза баштаган делегация пландуу иш сапар менен келип, БатМУнун экономика жана каржы иштери боюнча проректор э.и.к. доц. Муса Мурзапарович Үсөнов менен расмий жолугушту.

Жолугушууда Баткен мамлекеттик университети менен Түркия “Диянет” фондунун ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин аткарылышындагы артыкчылыктар, жетишпестиктер жана кошумча каржылоо маселелери каралды.

Негизги маселе болуп, БатМУнун базасында ачылган Баткен шаарындагы “Ыйман” гимназиясынын окуу имаратын курууга аталган фондго долбоор сунушталды.