Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы 353-т тескемесине ылайык, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышында жарыяланган үч айлык иш- чарасын ишке ашыруу максатында, Баткен мамлекеттик университетинин Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин кураторлорунун 23-октябрдан, 27-октябрга чейин белгиленген “Аалам алпы Айтматов” жумалыгы жыйынтыкталды.

Куратордук жумалыктын алкагында, куратордук сааттар, студенттердин кол эмгектери менен жетишкен ийгиликтерин баяндаган сүрөт көргөзмөлөрү, дубал газеталар, аткарылган иш-чаралардын фото галереясы көргөзмөгө коюлуп, 27-октябрь күнү чоң программа менен жыйынтыкталды.

Жыйынтыктоочу программада, Ч. Айтматовдун чыгармалары студенттер тарабынан сахналаштырылып, жалпы өткөрүлгөн иш-чараларда активдүү катышкан куратор жана студенттерге дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарага 4 кафедра катышып, сахналык көрүнүштө: 1-орун, Филологиялык билим берүү кафедрасы;2-орун, Педагогикалык кафедрасы;3-орун, Социалдык-эконмикалык жана укук кафедрасы, Табигый илимдер жана математикалык билим берүү кафедрасы орун алышты.

Андан сырткары көргөзмө боюнча,1-орун, Социалдык-экономикалык жана укук кафедрасы;2-орун, Педагогикалык билим берүү кафедрасы;3-орун, Филологиялык билим берүү, Табигый илимдер жана математикалык кафедрасы алышты.

📌Ал эми, кураторлордон

1-орун, Эргешали кызы Айчүрөк;

2-орун, Насиридинова Улукбүбү;

3-орун, Бактиярова Сапаргүл тандалды.