26.10.2023-ж. Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу; Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата КРдин Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы №353-т тескемесине ылайык КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында адабий кече Баткен мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил департаменти тарабынан уюштурулду.

📌 Иш-чарага, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Стовинская Батма Болоталиевна, Мамлекеттик тил комиссиясынын мамлекеттик тил бөлүм башчысы Тилакматова Алмагүл Өмүрзаковна, Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор Айдарбек Гыязов, университеттин профессордук-окутуучулары, студенттер, окуучулар катышышты. Кеченин биринчи бөлүгүндө, Топоева-Стовинская Батма тарабынан Мамлекеттик тил комиссиясынын жана “Кыргыз тест” мамлекеттик мекемеси тууралуу презентациялары;Ал эми, Мамлекеттик тил мыйзамына киргизилген өзгөртүү-түзөтүүлөр боюнча Тилакматова Алмагүл Өмүрзаковна презентация жасады.

♦️Экинчи бөлүгүндө,

  • 1. Баткен “Ыйман” гимназиясы “Ак кеме”повестинен;
  • 2. Кызыл-Кыя “Ыйман” гимназиясы “Биринчи мугалим” повестинен;
  • 3. А.А. Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту “Кылым карытар бир күн” романынан;
  • 4. Көп тармактуу колледж “Эрте келген турналар” повестинен;
  • 5. Башкы мекеме “Саманчынын жолу” повестинен;
  • 6. Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту “Тоолор кулаганда” романынан;
  • 7. Сүлуктү педагогикалык колледж “Кыямат” романынан;
  • 8.Сүлүктү медициналык колледж “Кассандра тамгасы” романынан;
  • 9.Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту “Жамийла” повестинен үзүндүлөр коюлду.

Эң мыкты жат жазуу жазгандыгы үчүн Балтабаева Шааркан Ташполотовнага БатМУнун Ардак грамотасы берилди.Жыйынтыгында жигердүү катышкан 20 катышуучуга Таласка жолдомо, сыйлыктар, кызыктыруучу белектер берилди.