22-декабрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Студенттик стартап” пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш 8 стартап долбоорго каржылык колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Кеңешмеге КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана бир катар министрликтердин өкүлдөрү онлайн/оффлайн форматында катышышты.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Эдил Байсалов өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө студенттик стартап-долбоорлордун орду чоң экендигин айтып, дүйнөдө бизнес-идеялардын ачык атаандаштыгы курч экендигин белгиледи. “Биз жеңүүчү аталган долбоорлорго талапты катуу коюу менен жакшы шарттарды түзүп бергенге даярбыз. Анткени акчаны бөлүп берип коюу оңой, бирок аны ишке ашыруу, атаандаштыкка туруштук берүү татаал”, – деди Эдил Байсалов.

“Студенттик стартап” сынагына жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн. Билдирмелер үч баскычтуу: жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодон өтүп, жыйынтыгында 8 стартап-долбоор финалга өткөн. Финалда студенттер маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия сыяктуу тармактардагы стартап-долбоорлорун жакташты.

Студенттердин стартап-долбоорлорун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 млн сом каралган. Анын 3 млн 160 миң 744 сому өздөштүрүлүп, жеңүүчү аталган 8 стартап-долбоорго же башкача айтканда 7 университет, 1 колледждин студенттеринин стартап-долбоорлоруна бөлүнүп берилет.

Баткен мамлекеттик университетинин студенти Айдарали у Э. – “FilterFish” стартап-долбоору, 435 миң 344 сом жеңип алды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында бизнес-идеяларды ишке киргизүү, жаштар ишкердигине дем берүү жана андан ары илгерилетүүнү камсыз кылуу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартында №128 “Студенттик стартап” пилоттук программасы жөнүндө” токтому кабыл алынган. “Студенттик стартап” сынагына билдирмелерди кабыл алуу 2023-жылдын 6-октябрынан 6-ноябрына чейин жүргүзүлгөн.

2022-жылдын 1-сентябрында Кыргызстандын 30 жогорку окуу жайында креативдүү экономиканы, ишкерликти колдоо жана жаштардын стартап долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында бизнес-инкубаторлор ачылган.