23-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров өлкөбүздөгү мыкты студенттерге Президенттик стипендия ыйгарды.

Алардын катарында Баткен мамлекеттик университетинин А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Педагогика жана экономика факультетинин биология профилинин 4-курсунун студенттери Кузиева Изозахан жана Кочкорбаева Эльнура окуудагы жараткан ийгиликтери, жетишкендиктери, коомдук, маданий жана спорттук иш- чараларга активдүү катышкандыгынын натыйжасында жетишишти.

Өлкөнүн мыкты студенттери Президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.

Президенттик стипендия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фондунан 4 500 000 сом бөлүнгөн.