25-декабрь күнү Баткен мамлекеттик университетинин “Айгүл Тоо” тарыхый-маданий комплексинин алдында “Көшөгө” фестивалы болуп өттү.

Кыргыздын салты катары саналган саймачылык, тикмечилик, токуучулук эл арасында күндөн күнгө жоголуп барат, ошондуктан жаштардын арасында жайылтуу, коомчулукка көрсөтүү максатында БатМУнун ички долбоорунун алкагында, т.и.к., профессор Абдинаби Кадыров жана т.и.к. ага окутуучу Кубанычбек Таиров тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага БатМУнун Башкы мекемеси, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту, А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту, Көп тармактуу колледжи катышып, XV-XVI кылымга таандык көшөгө, сайма, туш кийиз, жаздык, курак, дастармол, шыптык, чачык ж.б., кол өнөрчүлүгүнө байланышкан эмгектер көргөзмөгө коюлду.

Фестиваль А.Жайнаков атындагы драм театрдын артисттери тарабынан коюлган чакан концерттик программа менен коштолду.

Соңунда атайын калыстар тобунун чечими менен А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту 1-орунду, БатМУнун башкы мекемеси менен Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту 2-орунду алышты.