Баткен мамлекеттик университетинин тышкы байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору Абдипатта уулу Жумабек Бишкек шаарында өтүп жаткан “Түрк ЖОЖдорунун жарманкесине” катышты. Жарманкеге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Куршат Дулкадыр мырза, Түркиянын 19 ЖОЖ өкүлдөрү катышты. Жарманкеде элчинин билим берүү боюнча кеңешчиси менен студенттердин Түркиядагы жайкы лагерин уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.Баткен мамлекеттик университети Түркия Республикасынын ЖОЖдору менен кызматташуусун улантат.