Дүйнөлүк эне тил күнүнө карата БатМУнун Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультети жана Студенттер Кеңеши тарабынан факультеттеги 1-2-курстарда окуп жаткан билимдүү студенттеринин катышуусунда “Тил тагдыры, эл тагдыры!” аттуу темада акыл таймашы болуп өттү. Таймаш үч турдан туруп, жалпы он студент катышты. Катышуучуларга 1-2-турда негизинен адын ала даярдалган логикалык суроолор берилип, 3-турда мамлекеттик тилди канчалык деңдээлде билүүсү “Kahoot” тиркемесин пайдалануу менен аныкталды.

Жыйынтыгында

1-орунду Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилинин 2-курсунун студенти Момунова Айназик;

2-орунду Англис тили профилинин 2-курсунун студенти Абытали кызы Үмүтай;

3-орунду Тарых профилинин 2-курсунун студенти Имамалиева Жыпаргүл камсыз кылды.

Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.