Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов университетибизде TIKA тарабынан каржыланып, бүгүнкү күндө Баткен жаштарына кызмат кылып жаткан түрк борбору үчүн ыраазычылыгын билдирди.Эске салсак былтыркы жылы ТIKA тарабынан $32000 АКШ долларына каржыланып, 2 аудитория толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техникалар менен камсыздалган. Бүгүнкү күндө студенттерибиз жана Баткен облусунун жаштары түрк тилин акысыз үйрөнүшүүдө.Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу, эки тараптуу пайдалуу болгон долбоорлор талкууланды. Атап айтсак Баткен мамлекеттик университетинде жаштарга заманбап көндүмдөрдү үйрөтүүчү лаборатория ачуу макулдашылды.Мехмет Бодур мырза университетибиздин аймактагы маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары дагы тыгыз кызматташтыкка кызыкдар экендигин билдирди.