2024-жылдын 14-февралында Жолугушууда ректорубуз Түркия Республикасынын Баткен облусунда болгон окуяларда жардамын белгилеп айтып өттү. Андан сырткары БатМУнун “Ыйман” гимназияларына берилип жаткан жардамдары, Баткен облусунда түрк тилин акысыз үйрөтүп иштеп жаткан 2 түрк мугалими үчүн ыраазычылык билдирди. Андан сырткары БатМУда теология жана айыл чарба факультетин ачуу маселеси ошондой эле бир канча курулуш иштери талкууланды. Элчи өз учурунда Баткен облусу эң алыста жайгашкандыгын, Түркия үчүн маанилүү ордун белгиледи. Теология жана айыл чарба факультетин ачууну колдоорун жана бул үчүн баардык жактан көмөк көрсөтөөрүн айтты. Ошону менен бирге мугалимдердин квалификациясын Түркия Республикасында жогорулатууга, студенттердин жайкы лагерин уюштурууга жолугушуу учурунда макулдашылды.