Отурумда Баткен мамлекеттик университетинин Окуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн илимий иштери боюнча орун басарлары, жылдык илимий отчетторун беришти. Ошондой эле 2023-календардык жылга университеттин ички каржылоосунун негизинде аткарылган 3 ички илимий долбоорлор жылдык отчетторун беришти. Берилген илимий отчеттор кабыл алынып, бекитүүгө Окумуштуулар кеңешине сунушталды. Бул ички илимий долбоорлор аркылуу Баткен мамлкеттик университетинин илмпоздору, Баткен облусу үчүн, бир топ алгылыктуу иштерди жасады. 1. “Окуучулардын экологиялык сабаттуулугун жана маданиятын «Мекен таануу», «Табият таануу», «Кыргыз адабияты» сабактары аркылуу калыптандыруу жана алар үчүн эксперименталдык экологиялык аянтча уюштуруу” деген темада, илимий долбоорду ф-м.и.д., профессор М.М.Таиров, 2. “Баткен облусундагы тарыхый – этнографиялык изилдөөлөр”- деген темада т.и.к., профессордун м.а., А.А.Кадыров, 3. “Баткен чөлкөмүдөгү жер-суу жана айрым географиялык аталыштарды изилдөө”-деген темада т.и.к., доцент Шеров Ш.Б. жетектеп иш алып барышкан. Андан сырткары 2024-календардык жылга Баткен мамлекеттик университетинни ички каржылоосунун негизинде 5 илимий долбоор тандалып алынып, Окумуштуулар кеңешине бекитүүго сунушталды.