Баткен облусундагы Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы Баба Саттаркулов атындагы орто мектебинин окуучулары Баткен Мамлекеттик университетине саякат жасап, бардык окуу кааналары, китепканалар, окуу борборлору менен тааныштырылды. Топту уюштуруп, алып келген тарых мугалими Саттаркулов Талантбек Бабаевич Андан соң БатМУнун Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин деканын орун басары, Холбекова Гулшода Нуридиновна окуучуларга сөз сүйлөп, кесипке багыт берүү менен бирге университет кенен кулачын жайып өнүгүү жолунда келе жаткан окуу жай экендигине токтолуп, университет жөнүндө кенен маалымат берилип, окуучулардын келечектеги кесиби жана окуу жай тууралуу суроо-жооп болду.Окуучулар кесип тандоо боюнча алган маалыматы жана экскурсия үчүн БатМУнун жалпы жааматына, Баба Саттаркулов орто мектебинин тарых мугалими Саттаркулов Талантбек агайга ыраазычылыгын билдиришти.