8-апрель күнү, Баткен мамлекеттик университетинин Ыйман гимназиясында “Эколог” усулдук бирикмесинин уюштуруусунда “Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” аттуу кыргыздын каада салтын жайылтуу максатында салтанаттуу иш чара болуп өттү.Иш чарага БатМУнун ректору э.и.д., профессор А.Т. Гыязов жана ал баштаган делегация конок болуп келишти.Гимназиянын мугалимдери жана окуучулары катышты.Иш чаранын алкагында окуучулар предметтерден көргөзмөлөрдү уюштуруп, концерттик программа тартуулашты жана спорт жаатынан ийгилик жараткан жигиттерибиз бокс жана таэквондо боюнча өнөрлөрүн тартуулашты.Боз үй тигилип, ичиндеги жасалгалары жана салт санаасы менен окуучулар таанышты. Иш чаранын алкагында гимназиянын мугалимдерине билимдерин жогорулатып келгени үчүн квалификациялык сертификаттар тапшырылды.