Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Эл аралык Кыргыз Крест комитетинин Кыргыз Республикасындагы миссиясынан 2024-жылдын 15-апрелинде нотасы келип түшкөн. Эки тараптуу алдын ала жетишилген макулдашуунун негизинде Баткен мамлекеттик университетинин жана Көп тармактуу колледжинин профессордук окутуучулар курамына жана студенттерине “Эл аралык гуманитардык укукту” өркүндөтүү максатында 2024-жылдын 23-апрелинде ЭКККнын кызматкерлери Умтул Мурат кызы, Эрмек Байсалов, Султанали Малабаевтер тарабынан конок лекция уюштурулду. Жолугушуу алкагында ЭКККнын тарыхы, басып өткөн жолу,Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана жалпы эле уюмдун миссиясы, мандаты тууралуу сөз козголду. Жыйынтыгында ЭККК тарабынан БатМУ жана Көп тармактуу колледжге 40 даана “Эл аралык гуманитардык укук” боюнча баалуу китептер тапшырылды. БатМУ, Көп тармактуу колледж жана ЭККК менен мындан ары да кызматташтык уланат.