22-апрель күнү, Баткен мамлекеттик университетинин “Табигый, гуманитардык жана педагогикалык” факультетинин “Педагогикалык билим берүү” кафедрасынын “Илим – жашоо чырагы, өнөр – элдин куралы” аттуу жумалыгы старт алды! Аталган жумалык кафедранын окутуучусу Бактыярова Бегайымдын П-1-23 тайпасына “Past Simple with irregular verbs” деген темадагы ачык сабагы менен башталды. Сабак warming-up менен башталды. Анда студенттер слайдта көрсөтүлгөн сүйлөмдөрдү ар кандай эмоциялар менен окушту. Жаңы теманын формасы, эрежелери, сабакта тапшырмаларга ылайык баалоо системасы студенттерге түшүндүрүлдү.Студенттер англис тилиндеги туура эмес этиштерди катыштырып сүйлөм түзүшүп, ошондой эле тема боюнча кыргыз тилиндеги сүйлөмдөрдү англис тилине которушуп, өз командаларына упай топтошту. Акырында окутуучу онлайн платформадагы тапшырмаларды студенттерге аткартып, сабакты жыйынтыктады. Сабак учурунда топтогон баллдар боюнча жеңүүчү топтор аныкталды.