БатМУнун 70 студенти Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлүп жаткан аймактык университеттер аралык 10-студенттик олимпиадага катышууда.

БатМУнун илим жана уюштуруу иштери боюнча проректору, биология илимдеринин кандидаты, доцент Абиба Саматова олимпиаданын уюштуруучуларына жана катышуучуларга ийгилик каалап, БатМУнун ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Гыязов Айдарбек Токторовичтин жана өзүнүн атынан куттуктады.

Абиба Саматова өз сөзүндө: – “Жогорку окуу жайлардын арасындагы олимпиада бул коомдо зор мааниге ээ. Анткени студенттерибиз олимпиадада жеңишке жетүү менен студенттик атка татыктуу экендигин көрсөтүү менен бирге коомдогу жаштарыбызды патриоттуулукка тарбиялоодо зор салым кошуп келүүдө. Урматтуу студенттер сиздер бул күнгө татыктуу даярданып, бир канча эмгектерди жасап келип отурасыздар. Бул сиздердин билим сапарыңыздардагы эмгегиңиздер. Сиздерге ийгилик каалайбыз”,- деди.

Олимпиадада физика, математика, информатика, биология, химия, география, экология, экономика, философия, орус тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, Манас таануу, тарых, Кыргызстан тарыхы, англис тили, педагогика, психология, укук таануу, программалоо, котормо жана котормо таануу, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жана кредит предметтери боюнча жүрүүдө.