Баткен мамлекеттик университетинде 29-30-май күндөрү “Магистратура жана аспирантура” бөлүмүнүн математика, биология, кыргыз тили жана адабияты, педагогика, тарых профилдери программалык аккредитациядан өтүүдө.

Билим берүүчү программаларды жана уюмдарын аккредитациялоо” (ББПУАА) көз карандысыз агенттигинин комиссия мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүүдө.

Аккредитациянын максаты заман талабына ылайык магистранттарды даярдоо болуп саналат.

Аккредитациянын биринчи күнүндө магистранттар, иш берүүчүлөр жана ата-энелер менен жолугушуулар болду. Ал эми экинчи күнүндө БатМУнун ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Гыязов менен маектешүү уюштурулуп, аткарылган жумуштар жогорку деңгээлде деп бааланды.