Үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда БатМУнун Окумуштуулар кеңешинин 5-отуруму болуп өттү. Окумуштуулар кеңешинин күн тартибинде бир катар маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерде окумуштуу Тайиров Миталип Муратовичтин ысмын БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык жана педагогикалык институтуна ыйгаруу боюнча сунуш киргизилди. Сунуш Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Эске салсак, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту 1997-жылы профессор М.М.Тайировдун демилгеси менен Ош мамлекеттик университетинин окуу-консультациялык пункту катары уюшулган. Окуу жай Кыргызстандын түштүк-батыш чөлкөмүндөгү илим изилдөө иштерин, билим берүү тармагын өнүктүрүүдө зор мааниге ээ экендиги талашсыз.

Миталип Муратович өз кезегинде жаңыдан түзүлгөн жогорку окуу жайынын материалдык-техникалык базасын толуктоо, профессордук-окутуучулук курамды чогултуу жана китепкана фондун түзүү сыяктуу бир топ көйгөйлөрдү чечип, бүгүнкү күнгө чейин КГПИнин өсүп-өнүгүүсү үчүн жан үрөп эмгектенүүдө. Агайдын жасаган бардык иштери бааланып, КГПИнин эмгек жамааты да, БатМУнун Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү да бул сунушту кубануу менен кабыл алып, бир добуштан колдоого алды.